Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтун жолугушуусу өттү

2022-жылдын 5-7-май күндөрү Бишкек шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун талкуулап, макулдашышты.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Өзбекстандын аймагында өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД