Европанын 15 өлкөсүндө балдардан белгисиз гепатит аныкталды

Европа Биримдигинин (ЕБ) 15 өлкөсүндө белгисиз гепатиттин 95ке жакын учуру аныкталган. Бул тууралуу Euractiv порталы Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча Европалык борборго (ECDC) шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, бул оору 16 жашка чейинки балдардан табылган.

Эң көп учурлар Италияда (35) жана Испанияда (22) катталган. Нидерландыда жана Данияда алтыдан, Ирландияда беш учур аныкталган. Мындан сырткары оору Португалияда, Румынияда, Бельгияда, Австралияда, Кипрде, Францияда, Норвегияда, Германияда, Польшада жана Словенияда катталды.

23-апрелде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму келип чыгышы белгисиз курч гепатиттен кеминде бир адам каза болгонун кабарлады. ДСУ баланын кайсы өлкөдө каза болгонун тактаган жок.

Кийинчерээк Европанын саламаттыкты сактоо боюнча комиссары Стелла Кириакидес бул илдет буга чейин Европанын 12 өлкөсүндө катталганын жарыялаган. Анын айтымында, инфекция 16 жашка чейинки балдар арасында катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД