"Ак-Жол" өткөрмө бекетинде элдин тыгыны жаралды

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол- автодорожный" жана "Кордай" өткөрмө бекеттеринде элдин тыгыны жаралды.

Күбөлөрдүн айтымында, буга Кыргызстандын чек арачыларынын маалымат базасы иштебей калганы себеп болгон. Мындан улам чек арачылар жарандардын чек арадан өтүүсүн убактылуу токтотушкан.

Чек ара кызматы бул маалыматты тастыктап, учурда баары калыбына келтирилгенин, чек арачылар кадимкидей иштеп жатканын билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД