Бишкекте "Өлбөс полк" иш-чарасы учурунда айрым көчөлөр жабылат

9-майда өтүүчү "Өлбөс полк" иш-чара учурунда айрым көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Айта кетсек иш-чара саат саат 9:00 дө башталып, болжол менен саат 13:00 гө чейин созулат. Андыктан төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрү убактылуу жабылат.

-А. Токомбаев көчөсүнүн Байтик-Баатыр көчөсү менен кесилишкен бөлүгү;

-Байтик-Баатыр көчөсү түндүктү көздөй Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү ;

Жумабек көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү:

-Ибраимов көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү;

"Урматтуу шаар тургундары жана коноктору иш-чара учурунда жогорудагы көрсөтүлгөн жолдорду эске алуу менен баарыңыздарды маршурттук каттамыңыздарды алдын ала пландап алууңуздарды суранабыз. Ошондой эле иш-чара учурунда акредитациядан өтпөгөн массалык маалымат каражаттарынын окүлдөрүнөн учуучу аппараттарды (дрон, видео фото сүрөттөрүн) камтыган каражаттарды колдонбоого чакырабыз.

Иш-чаранын жүрүшүндө милициянын кайгуул кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун толук кандуу камсыз кылат.", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД