Милициянын кайгуул кызматкерлери ардагерлерди куттукташты

Милициянын кайгуул кызматкерлери ардагерлерди куттукташты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана согуш учурунда оорукта кызмат өтөгөн ардагерлерди Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы куттукташты.

Куттуктоо учурунда башкармалыктын орун басары Джумагулов Айбек Рыскулович өздүк курамдын атынан ардагерлерди азыркы тынчтык шартында жашап жаткан заманга кошкон салымдарын терең баалап, бекем ден соолукта жана бактылуу карылыкта өмүр сүрүүгө тилектеш экендигин билдирип, чакан белектерди жана акчалай сыйлык тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД