
Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 9-май күнү болжол менен саат 13:15 чамасында Жайыл РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Ош унаа жолунан жол унаа кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Маалымат боюнча Жайыл РИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда төмөнкүлөр аныкталган:
2022-жылдын 9-майында саат 13:15 чамасында "Бишкек-Ош" унаа жолунун 197-чакырымында Ош облусунун Алай районунун тургуну 1983-ж.т. О.Т. "Хонда-Степвагон" үлгүсүндөгү унаасы менен түндүктөн түштүккө көздөй бара жатып рулга ээ боло албай, каршы тилкеге чыгып түштүктөн түндүкө келе жаткан Бишкек шаарынын жашоочусу 1981-ж.т. А.С. башкаруусундагы "Хундай-Гетц" үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен "Хундай-Гетц" унаасынын жүргүнчүсү 1980-жылы туулган аял киши жол кырсыгынан алган жаракаттарынан улам каза болуп, жана 2 жаш өспүрүм, Чүй облусунун Жайыл районунун Сусамыр өрөөнүндөгү жайгашкан медициналык-санитардык жардам берүү бөлүмүнө кайрылган.
Айдоочулар Жалал-Абад облусунун Токтогул районун аймактык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.
Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам көз жумуп, ал эми 4 адам ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканаларга кайрылышкан.
Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо башкармалыгы тургундардан жана коноктордон, алыскы жолго жыккан айдоочулардан өзгөчө (оң рулду) унаалардын айдоочуларынан жол эрежесин так сактоо менен ылдамдыкты сактоо менен айдооңуздарды суранат