Кайгуул милиция кызматкери ушу-саньда боюнча өлкө чемпиону болду

Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн кызматкери ушу-саньда боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу Ош ОИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн кызматкери Аброр Хакимов 8-май күнү Ош шаарында өткөн ушу-саньда боюнча өлкө биринчилигинде чемпион болду.

Ушу-саньда боюнча Кыргызстандын биринчилиги 6-8-май күндөрү Ош шаарында болуп өтүп, ага өлкө боюнча 200дөн ашык спортчулар катышкан. Жол тескөөчү Аброр Хакимов 70 кг салмактагылар арасында килемге чыгып, 4 спортчу менен күч сынашкан.

Натыйжада, Хакимов 70 кг салмактагылар арасында биринчи орунду алып, алтын медаль менен сыйланды.

Аброр Хакимов ушу-саньда боюнча буга чейин Азиянын жана эл аралык мелдештердин жеңүүчү болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД