
Тополоң болгон жок. Жазаларды аткаруу кызматынан Бишкектеги №47 колониядагы өрт боюнча маалымат беришти.
10-майга караган түнү борбордогу №47 түзөтүү колониясында башаламандык орун алганы тууралуу маалыматты айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Чынында өрт белгисиз себептерден улам чыккан. Ал эми бул турак жайда эмес, эски, бош цехинин экинчи кабатында болгон (суюк басымдагы стартер).
Өрт саат 23:56 чамасында башталып, дароо мекеменин кызматкерлери атайын өрт өчүрүүчү унаанын жардамы менен өрттү өчүрүүгө аракет кылышкан. Акыры, саат 01:10до Ленин райондук мамлекеттик өрткө каршы кызматынын экипажы келгенден кийин толук өчүрүлгөн. Өрттөнгөн жердин болжолдуу аянты 90 чарчы метрди түзөт.
Маалыматтар атайын реестрге катталып, бардык тийиштүү органдарга маалымдалып, чогултулган материалдар КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын тиешелүү бөлүмүнө тергөө үчүн өткөрүлүп берилди.
Өрттүн кесепетинен колониянын кызматкерлери жана атайын контингенттин эч кимиси жабыркаган эмес деп белгилейбиз.