
Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 3455 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын ичинен:
-Мас абалында авто унаа башкаруу -28 айдоочу;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -24;
-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу -27;
-Коопсуздук курун тагынбаган айдоочулар 925;
-Жасалма номур менен авто унаа башкаруу 2;
-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар 111;
-Башка жол эрежелерин бузуулар 2338 ;
447 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жол эрежесин так сактоого чакырат.