ЖАКтын жетекчилиги ардагерлерди куттукташты

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, орукта кызмат кылгандарга жана республикабыздын жазык-аткаруу тутумунун карыяларына таазим этип, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын делегациясы ардагерлерге барышты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ардагерлердин үйүнө ЖАКнын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев жана башкармалыктын Ардагерлер кеңешинин башчысы, и/к полковниги Алибай Нишанбаев, ошондой эле ЖАКнын тарбия, социалдык жана психологиялык иштер башкармалыгынын кызматкерлери барышты.

Оруктун ардагери Рая Осмонова, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Надежда Матраимова жана Валентин Сальниковдун 85 жылдыгы менен куттукташты.

Аларга "Кадыр" жана "Ардагер" медалдары, жеңиш гүлдөрү жана салмактуу азык-түлүк пакеттери тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД