Сүлүктүдөгү шахтада газга ууланган жарандар куткарылды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланган жарандар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-майда Сүлүктү шаарында көмүр казуу учурунда 5 жаран газга ууланып, шахтанын ичинде калып калган.

Жерине 8 куткаруучу тартылып, жабыр тарткан жарандар тез жардам кызматына өткөрүп берилген.

Кошумча маалымат берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД