
Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы бүгүн, 11-май күнү саат 10:00до Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясыда өтүүчү "Курандан дилим тазарат" аттуу Куран майрамына чакырат.
Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул күнү өлкө аймагынан тандалган мыкты карылар Куран окуса, белгилүү дин аалымдары аяттарды тавсирлеп, чечмелеп, түшүндүрүп бермекчи.