Сүлүктүдө кафеде өткөн кыз узатуу тоюнда 32 адам ууланган

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында кыз узатуу учурунда 32 адам тамакка уулануу күмөнү менен ооруканага түштү.

Санэпидкөзөмөлдөн кабарлашкандай, 8-майда "Рахат" кафесинде 180 адамдын катышуусунда кыз узатуу болгон.

"Эртеси 9-майдан баштап бүгүнкү күнгө чейин тамакка уулануу күмөнү менен 32 адам кайрылган. Алардын 11и жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда. Калган 21и амбулатордук дарыланууда. Жабыркагандардын абалы орто оор деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 10-майда, Санэпидкөзөмөлдүн кызматкерлери "Рахат" кафесине барып, текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 8-майда конокторго эти менен плов, төрт түрдүү салат, үй токочтор, таттуулар, мөмө-жемиштер жана суусундуктар берилген. Пловду кафе өзү жасаган, ал эми салатты уюштуруучу тарап алып келген. Текшерүүдө тамактын калдыктары табылган эмес.

Лабораториялык изилдөөгө ичүүчү суу алынган.

Аталган мекемеге Укук бузуулар кодексине ылайык, 15 миң сом өлчөмүндө айып салынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД