Май айынын майрам күндөрүндө Бишкекте 144 мас айдоочу кармалды

Май айынын майрам күндөрүндө Бишкек шаарынын аймагында кайгуул кызматкерлери тарабынан 144 мас айдоочулар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, май айынын майрам күндөрүндө 1-майдан 10-майга чейин милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы коомдук коопсуздукту сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча атайын рейддик иш-чара өткөрүп, 10 күн ичинде 7631 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.

Алардын ичинен;

-Мас абалында авто унаа башкаруу -144;

-Айдоочулук күбөлүгү жана вто унаага тийиштүү докумменттери жок авто унаа башкаруу -87;

-Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу (тонировка) -24 ;

-Коопсуздук курун тагынбай унаа башкаруу -1653 ;

-Авто ээнбаштык -4;

-"Коопсуз шаар" долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар авто унаалар -238;

-Башка жол эрежелерин бузуулар -5481.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 715 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.

Мындан сырткары кайгуул кызматкерлери тарабынан "102" линиясы боюнча 1683 ар кайсы багыттагы чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейленди.

Мындай рейддик иш-чаралар май айынын аягына чейин уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД