Султанбекова: Баткенде 27 дарыгерге убадаланган компенсация төлөнө элек

Жогорку Кеңешке "Ишеним" фракциясынан депутат Чолпон Султанбекова кечээ, 11-майдагы жалпы жыйында айрым алыскы райондордун дарыгерлерине пандемия учурунда каралган компенсациялар төлөнбөй жаткандыгын айтып, Саламаттык сактоо министрлигинин алдына маселе койду. Бул тууралуу ЖКнын коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Баткен областынын Кадамжай районундагы дарыгерлердин 27 өкүлү жанын карч уруп, вирус апаатында тикесинен - тик тура иштесе да, аларга убада кылынган компенсациялык каражаттар эмдигиче эсептешиле элек. Мындай көрүнүш ошол эле аталган областтын Лейлек районунда да жолугаары айтылууда. Маселени ыкчам чечүү чараларын Министрлер кабинетине тапшырууну талап кылдык, - дейт депутат.

Төлөнө элек компенсациялар тууралуу маселени мындан 3 ай мурда эле көтөргөнбүз. Жакында эл менен жолугушууга барганда азыркыга чейин бул каражат маселесинин жөнгө салынбай келе жатканын билдик. Төлөмдөрдү кечиктирүүгө болбойт, - деп белгиледи Ч.Султанбекова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД