Бишкекте окуучуларга Тарых музейине экскурсия уюштурулду

Бишкек шаарынын 144 жылдыгынын алкагында Биринчи май районундагы мектептердин окуучулары үчүн экскурсия уюштурулду.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева №54 мектептин окуучулары менен бирге Улуттук тарых музейине барды.

Музейде мектеп окуучулар кыргыз элинин тарыхы менен таанышып, маданий мурастарга таандык экспозицияларды, этнографиялык жана археологиялык коллекцияларды көрүштү.

Иш-чара №78, №81 мектептердин окуучулары үчүн да уюштурулат.

Биринчи май районунун акимчилиги президент тарабынан кабыл алынган "Инсанды руханий-адеп жагынан өнүктүрүү жана дене тарбиялоо жөнүндө" жарлыгынын алкагында элибиздин жана мамлекеттүүлүгүбүздүн тарыхын, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын биримдигин изилдөөгө багытталган иш-чараларды мындан ары да улантат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД