Өзгөндө land Cruiser менен Matiz сүзүшүп, бир киши көз жумду

Бишкек - Ош унаа жолунун 595-чакырымында Toyota land Cruiser жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 31 жаштагы М.Н. аттуу эркек киши каза болуп, тогуз киши (беш эркек жана төрт аял) ар кандай жаракат алышкан.

Куткаруучулар жеткенге чейин маркумдун сөөгү жана оор жаракат алган жарандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Куткаруучулар жеңил жаракат алган жарандарды Өзгөн райондук ооруканасына жеткиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД