
Коргоо министрлигинин башкармалык жетекчиси кызматтык унаа менен жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Илим Карыпбеков Фейсбуктагы баракчасына жазып, видео тиркеген.
"Мага жөнөтүшүптүр "Полковник Касымбеков мас абалда машине айдап, менин машинемди сүзүп кетти. Анан эркекче сүйлөшөбүз деп, качып кетти" деп.
******
Мен ойлоп койдум, сапсем андай эмес деп.
1. Полковник Касымбеков мас болбойт! Ал Полковник! Ал кичине жамгырга романтик кармап, башы сааль тегеренип калышы мүмкүн, но никогда мас бовойт!
2. Кара аскердик номер башка машинени сүзбөйт. Ал кичине келип айгырдай болуп башка машиненин көчүгүн жыттап коюшу мүмкүн, бирок сүзбөйт. Ал полковник анткени.
3. Кыргыздын полковниги эч качан качпайт, ал Баткендеги чек арадагы ызычууга шашып баратса керек. Эртең менен Баткенден келери менен, бампериңизди смирно кылып коёт", - деп жазган Илим Карыпбеков.
Колдонуучулар видеодон айдоочу Коргоо министрлигинин тарбия иштер боюнча башкармалыктын жетекчиси Мирбек Касымбеков экендигин таанышкан.
Бул факт боюнча, милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы төмөнкүчө маалымат берди:
Бул жол кырсыгы 2022-жылдын 10-майында болжол менен саат 21:30 чамасында Жибек-Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталгандыгы аныкталган. Бирок бул жол кырсыгы тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын нөөмөт бөлүмүнө чакыруу түшкөн эмес. Жол кырсыгы катталган жерден эки тарап сүйлөшүп кетип калышкан.
"Бирок азыркы учурда нааразычылык видео тасмага боюнча жабыркаган тарап арыз менен кайрылса болот", - деп билдиришти милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан.