
Бул күндөрдө өлкөбүздөн спецификалык аскердик бөлүмдөрүнүн бири өзүнүн бай, даңктуу жана күжүрмөн жолду басып өткөн мааркесин белгилейт. Кеп Улуу Ата Мекендик согуштун эң оор жылдарында түзүлгөн уникалдуу түзүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаменти жөнүндө болуп жатат.
12-майда ардактуу коноктордун, анын ичинде чет элдик кесиптештердин, ошондой эле өлкө жетекчилигинин жана Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда "КРнын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин ролу жаштарды аскердик-патриоттук тарбиялоодогу орду жана 7412-аскер бөлүмүнүн даңктуу күжүрмөн басып өткөн жолу"- аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.
Бардыгы эмнеден башталган?
Департаменттин тарыхы жана басып ɵткɵн күжүрмɵн жолу тээ алыскы согуш жылдарынан башталат. Улуу Ата Мекендик согуш кызуу күчɵп турган мезгилде, 1942-жылы 12-мартта СССР НКВДсынын буйругунун негизинде Казак ССРинин Ак-Тюбинск шаарында күзɵтүү аскерлеринин 47-ɵзүнчɵ бригадасынын 144-ɵзүнчɵ батальону деген аталыш менен азыркы Департамент - 7412 аскер бɵлүгүтүзүлгɵн.
Жоокерлер кылмыштуу контингентти, соттолгондорду жана туткундарды кайтаруу жана коштоп жүрүүгө чакырылган.
Көп өтпөй батальон Казакстандын батышынан биздин Фрунзеге облустагы убактылуу кармоочу жайларды кайтарууга которулган. Бирок, милдеттер ушуну менен эле чектелип калган эмес. Маселен, 1944-жылы батальондун бир бөлүгү Түркмөнстандын борборун коргоого жөнөтүлгөн, андан кийин согушкерлер 1948-жылдагы катуу жер титирөөдөн кийин Ашхабадды калыбына келтирүүгө жардам беришкен.
Жети жылдык ийгиликтүү кызматтан кийин СССРдин Ички Иштер министрлигинин буйругу менен 20-апрель бɵлүктүн түзүлгɵн күнү деп расмий түрдɵ бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 24-октябрындагы Жарлыгы бул бригаданын атын эле эмес, тагдырын да өзгөрткөн Өкмөттүн Токтомун жаратты. Бул токтомдо Юстиция Министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондор менен камакка алынгандарды айдап узатуу департаментин түзүү каралган. Юстиция Министрлигинин 2002-жылдын 31-майындагы №67-буйругунун негизинде азыркы Департамент түзүлгөн.
Департаменттин башчысы болуп полковник Улан Бердикожоев, ошол эле учурда ЖАКнын төрагасынын орун басары болуп келет.
Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- түзөтүү мекемелеринин коопсуздугун камсыз кылуу;
- өздөк курамды коргоо;
- соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды коштоо;
- атайын жүктөрдү кайтаруу;
- кайтаруудан качып кеткен адамдарды издөөгө жана кармоого катышуу;
- коомдук коопсуздукту жана өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыз кылууда укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүү.
Азыр Департаменттин курамында борбору Бишкекте 6 батальон жана тыл бөлүмдөрү бар. Алар республиканын ар кайсы аймактарында өз милдеттерин аткарышат. ЖАКнын окуу борбору департаменттин борбордук аппаратынын аймагында жайгашкан, ал эми Беловодское айылында борбордук кинологиялык кызматтын иттерин багуучу питомниги бар. Департамент атайын техника жана транспорт менен жабдылган. Башкармалыктын өздүк курамы 1 жылдык кызмат өтөөгө чакырылган жоокерлер менен толукталат.
Сыноолорго жык толгон жана узак жолду басып өткөн спецификалык аскер түзүмдɵрүнүн бири Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкерлери 80 жылдык мааракеси менен сыймыктанууга татыктуу.
Бул жерде алар элге ак кызмат кылуу, мыйзамды, коомду жана мамлекетти коргоо, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу эмне экенин жакшы билишет.
ЖАКнын басма сөз кызматы