
Нарын райондук ички иштер бөлүмү бүтүрүүчү класстарга туура кесип тандоо боюнча багыт беришти. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын Басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка караганда, 11-май күнү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери район аймагында жайгашкан орто мектептин бүтүрүүчү класстын окуучулары менен жолугушуп КР ИИМнин генерал-майор Э.Аалиев атындагы Академиясына тапшыруу боюнча кененирээк маалыматтар берилип, туура кесип тандоо боюнча атайын даярдалган видео тасма көрсөтүү менен аталган окуу жай тууралуу түшүндүрүлүп, окуучуларга керектелүүчү документтер таратылып берилди.
Ошондой эле бөлүмдүн жетекчилиги милициянын көчмө кабылдамасы менен район аймагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, Президенттин Жарлыгынын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, элдин көйгөйлүү маселелерин жеринен угуп, жайлоолорго чыгууда мал жандыктарына сак болуусу эскертилип, жолугушуу учурунда айыл тургундары милиция кызматкерлеринин аткарып жаткан иштерине ыраазычылык билдирип өтүштү.
Мындан тышкары Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери мектеп администрациясы менен биргеликте түнкү рейд уюштурулуп, рейддин жүрүшүндө кечкисин көчөдө жүргөн себепсиз, ата-энесинин коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, ата-энелерине тапшырылып берилип, ошол эле учурда профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Нарын ОИИБнын Басма сөз кызматыНарын райондук ички иштер бөлүмү бүтүрүүчү класстарга туура кесип тандоо боюнча багыт беришти
11-май күнү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери район аймагында жайгашкан орто мектептин бүтүрүүчү класстын окуучулары менен жолугушуп КР ИИМнин генерал-майор Э.Аалиев атындагы Академиясына тапшыруу боюнча кененирээк маалыматтар берилип, туура кесип тандоо боюнча атайын даярдалган видео тасма көрсөтүү менен аталган окуу жай тууралуу түшүндүрүлүп, окуучуларга керектелүүчү документтер таратылып берилди.
Ошондой эле бөлүмдүн жетекчилиги милициянын көчмө кабылдамасы менен район аймагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, Президеттин Жарлыгынын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, элдин көйгөйлүү маселелерин жеринен угуп, жайлоолорго чыгууда мал жандыктарына сак болуусу эскертилип, айыл тургундары милиция кызматкерлеринин аткарып жаткан иштерине ыраазычылык билдирип өтүштү.
Мындан тышкары Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери мектеп администрациясы менен биргеликте түнкү рейд уюштурулуп, рейддин жүрүшүндө кечкисин көчөдө жүргөн себепсиз, ата-энесинин коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, ата-энелерине тапшырылып берилип, ошол эле учурда профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.