Бишкек - Кара-Балта жолунда жарыктандыруу жоктугунан кырсык көп катталууда

Чүй обулусунда болуп жаткан көпчүлүк жол кырсыктары Бишкек - Кара-Балта унаа жолунда катталууда. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылы Бишкек - Кара-Балта жолун реконструкциялоо иштери башталып, ага байланыштуу жарыктандыруулар алынып салынган. Реконструкциялоо мезгилинде жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө байланыштуу көчөлөрдү жарыктандыруучу мамылар алынып салынган, бирок жолдун бул бөлүгүндө бүгүнкү күнгө чейин жарыктандыруу иштебейт.

Ошол эле учурда түн ичинде жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү түрүндөгү жол кырсыктарынын негизги себепкери болуп көчөлөрдү жасалма жарыктандыруунун жоктугу саналат.

Белгилей кетсек, 2019-2021-жылдары бул реабилитациялык участокто түнкүсүн 163 кырсык катталып, анын кесепетинен 58 адам каза болуп, 105 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Алсак, 2022-жылдын 4 айында аталган унаа жол тилкесинде 74 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 12 адам каза болуп, 96 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Анын ичинен түн ичинде жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн 22 факты катталып, 9 адам каза болуп, 15 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 16-чакырымынан 60-чакырымына чейин жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн эки тарабына жалпысынан 2160 даана темир-бетон мамылар жана чырактар орнотулуп, алар белгисиз себептерден улам тармакка кошулбай, ишке киргизилбей турат.

Жол кыймылынын коопсуздугу жалпысынан коомдук коопсуздуктун негизги компоненттеринин бири экендигин жана ар тараптан жол кырсыктарынын санын, алардан алынган жаракаттарды жана адамдардын өлүмү фактыларын азайтуу маселелерин чечүү үчүн багытталгандыгын эске алуу менен, аталган жол тилкесинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына, Чуй областынын прокуратурасына жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол тармагын тейлөөдө жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча комплекстүү чараларды көрүү жөнүндө бир нече жолу кат жөнөтүлгөн. Бирок, учурда бул маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги да таасирдүү чараларды көрбөй жатат.

Ошентип, оор кесепеттерге алып келген кырсыктын болушуна ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.

ЖКККББ: жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат.

Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД