Бишкекте каракчылык кылган деп 2 жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери каракчылыкка шектүү жарандарды аныктап кармашты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматкери Байказы Айтикул уулу билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 11-майында болжол менен 03:30 чамасында Бишкек ШИИББнин "102" кызматына Лесхозная көчөсүнөн жаран жардам сурап жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1986-жылы туулган Н.Р. атуу жаран арыз менен кайрылган. Анда болжол менен саат 03:40 чамасында арыз ээсин белгисиз жарандар бычак менен коркутуп, "Редми-2" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана курулушка керектелүүчү инструменттерин, ошондой эле 1800 сом акчасын коркутуу жолу менен алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Т.Э. жана 1988-жылы туулган У.Б. аттуу жарандарды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты Биринчи май райондук ИИБнын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД