
12-майда КЭДР бийлиги республикада бүткүл пандемия башталгандан бери коронавирустун биринчи учурун тааныды. КЭДР лидери Ким Чен Ын биринчи жолу эл алдына беткапчан чыгып, Жумушчу партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун чукул жыйынын өткөрүп, "олуттуу өзгөчө абал" жарыялады.
Пхеньянда 10-май күнү түштөн кийин блокада жарыяланды, мекемелердин көбү жабык, адамдар үйдө отурушат. Кыязы, Түндүк Корея Кытайдын сценарийи боюнча - Шанхай стилиндеги катаал блокада түрүндө иш-аракетин улантат. Бирок Кытайдан айырмаланып, Түндүк Корея, биринчиден, алты-жети эсе жакыр, экинчиден, өнүккөн жеткирүү системасы жок. Ал эми КЭДР өзүнүн экономикалык, инфраструктуралык жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүнө таянып, карантиндеги адамдардын жашоосун канчалык деңгээлде камсыздай алаары белгисиз.