Бишкек шаарында Энелер күнү белгиленет

Бишкек шаарында Энелер күнү белгиленет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда Энелер күнү жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл майрам 15-майга туура келет.

Майрамга байланыштуу райондук администрациялар бир жолку акчалай жардам көрсөтүшөт.

""Баатыр-Эне", "Эне-Даңкы" ордендери менен сыйланган 865 көп балалуу энеге, үч жана төрт эм төрөгөн энелерге, ошондой эле 5 балалуу жана "Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулун алган аялдарга жардам көрсөтүлөт. Алардын баары Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында каттоодо турушат. Почта бөлүмдөрү аркылуу 1000 сом өлчөмүндө бир жолку төлөмдөр чыгарылат, төлөмдөрдүн жалпы суммасы 865 000 сомду түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Баатыр энелерге белектерди тапшыруу, үйлөрүнө зыярат кылуу менен майрамдык иш-чаралар уюштурулууда.

Жалпысынан майрамдын урматына материалдык колдоо көрсөтүүгө 1277,5 миң сом каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД