Акылбек Жапаров Чолпон-Атада таза суу долбоору менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында аткарылып жаткан таза суу системасын жаңылоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.

Шаардагы "Суу-Канал" ишканасы Европа реконструкциялоо жана ѳнүктүрүү банкынын "Чолпон-Ата шаарындагы суу түтүктѳр системасын жакшыртуу" долбоорунун алкагында курулуш иштерин алып барууда.

Жалпысынан долбоорго 5,1 млн евро эсебинде каражат каралган. Долбоорду аткаруунун алгачкы этабында Чолпон-Ата шаарындагы муниципалдык "Суу-Канал" ишканасынын короосуна кеңсе жана унаа токтоочу имараттар салынып, 5 жаңы техника сатылып алынды. Ошондой эле суу тазалоочу станциянын курулушу жүрүп, 18 км аралыкка жаңы түтүктөр тартылган.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында курула турган Алыкул Осмонов атындагы жаңы сейил бактын долбоорун көрдү. Акын А.Осмоновдун үй-музейинин жанындагы муниципалдык жер тилкеге шаар бийлиги жаңы заманбап эс алуу багын курууну пландап жатат.

Министрлер кабинетинин башчысы Алыкул Осмоновдун үй музейине да баш багып, имарат ичин көздөн кечирип чыкты. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунуну каржылоосунда курулуп жаткан жаңы паркта А.Осмоновдун ыр саптары жайгаштырылып, айкели орнотулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД