Нарын милициясы сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Нарын райондук ички иштер бөлүмү сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарын районунун аймагындагы жаш өспүрүмдөр ата-энесинин жана чоң адамдардын көзөмөлсүз көлмөлөрдө, дарыяларда жана башка тыюу салынган кооптуу жайларда өз алдынча сууга түшкөндүктөн мындай учурлар ар кандай кырсыктарга жашы жете электерди жана жаштардын сууга чөгүп кетүү коркунучунан алдын -алуу максатында түшүндүрүү иштерин өз деңгээлинде жүргүзүү менен сууга түшүүгө болбой турган кооптуу жерлерге " Сууга түшүүгө тыюу салынат!"- деп жазылган көрнөк- жарнактарды орнотуу иштери Нарын РИИБнүн Балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун ар кандай укук бузуучулуктун алдын алуу максатында жана өз алдынча эс алуучу жайларга чыгып кетүүлөрүнө тыюу салынып, ата-энелерине эскертилип Нарын РИИБү тарабынан тынымсыз профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД