Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эскертүүлөр боюнча шаардыктар өз ыктыяры менен "Жаннат" мейманканасынын чарбалык курулушун, Д.Асанов атындагы сейил бактагы күркөнү, "Асанбай" сейил багындагы 6 күркөнү, Бөкөнбаев көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги 20 тонналык контейнерди алышты.

Мындан тышкары, "Ынтымак" сейил багындагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү толугу менен тазалоо иштери жүргүзүлүп, анда "Русский холод" күркөсү, батут, динамометр жана муздаткыч алынган.

Ошондой эле реконструкциялануучу көчөлөрдү бошотуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Эр-Тайлак жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жеңил объекттер демонтаждалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД