ИИМ Академиясында курман болгон кызматкерлер жана курсанттар эскерилди

ИИМдин Академиясында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди жана курсанттарды эскеришти. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматкери Айжамал Айталиева билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, 2022-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында өз өмүрүн аябастан кызматтык милдеттерин өтөп жатып курман болгон кесиптештерин жана курсанттарын эскерүү митинг-реквиеми өткөрүлдү.

Иш-чарага ИИМдин Академиясынын жетекчилиги, ардагерлери, өздүк курамы, каза болгон курсанттардын ата-энелери, жакындары жана курсанттар катышты.

Эскерүү иш-чарасы бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин, "Даңк" мемориалына гүл-чамбарларын коюу менен башталды.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов курман болгондордун жакындарына көңүл айтуу менен, кызмат учурунда курман болгон кесиптештерибиз өсүп келе жаткан муунга өзгөчө үлгү болуп тураарын айтып, болочоктогу милиция кызматкерлерине алардын жасаган эрдигинен сабак алып, Мекенге берилүү жана ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды. Ошондой эле, алардын эрдиги өз Мекенине жана элине кызмат кылуунун бийик үлгүсү болуп кала берээрине ишенээрин билдирди.

Митинг-реквиемдин соңунда Академиянын ашканасында дасторкон даярдалып, куран окутулду.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов эртеңки "Энелер күнүнө" карата курман болгон курсанттардын апаларын куттуктап, ыраазычылык катын тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД