Президент кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

"Урматтуу энелер!

Ардактуу эже-карындаштар!

Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул майрам - энелердин үй-бүлө бакубаттуулугуна, коомдун өнүгүшүнө жана улуттун улут болуп сакталып калышына кошкон зор салымын даңазалай турган өзгөчө күн!

Дүйнө жүзүндө адам баласына энеден жакын, энеден кымбат эч ким жок! Эне сүтү, эне тилеги менен Мекенге, үй-бүлөгө, каада-салтка жана башка руханий баалуулуктарга болгон сүйүү сиңирилип, муундан-муунга өтүп келет.

Кылымдарды карыткан улуу кыргыз элибиз эзелтеден эле энелердин баа жеткис жана өлчөөсүз эмгегин аздектеп, сыйлап, аларды ыйык тутуп келген. Тогуз ай курсагында, тогуз жыл кучагында багып, анан өмүр бою мээрим төгүп келген эненин жүрөгү түбү жок чалкыган деңиз экенин, эне жүрөгүнө эне сүйүүсүнө муктаждардын баары батарын, эне деген назик жан өмүрдүн башаты, тирүүлүктүн чексиз ыракаты экендигин билип, "Эне - үйдүн куту", "Эне деген - теңдеши жок асылзат", "Эне сүтүн актоо - унутулгус карыз" деп эчак эле таамай айтып коюшкан.

Ар бир коомдун, мамлекеттин теңчилиги менен калыстыгынын чен-өлчөмү биринчи кезекте аялзатына болгон мамилесинен, көңүл буруусунан байкалат. Ошол үчүн "Аялзат - турмуш туткасы, коом күзгүсү" деп бекеринен айтылбаган чыгар.

Буюрса, жакын арада, 2030-жылга чейин Гендердик теңчилик боюнча стратегия кабыл алынат. Анда аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, алардын саясий турмушка жана чечимдерди кабыл алууга катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат.

Аялдарды жана үй-бүлөнү колдоо, энелерди урматтап-сыйлоо - бүгүнкү күнүбүздү эле эмес, эртеңки келечегибизди да аныктай турган негизги милдет. Бул ¬ дени сак улуттун өнүгүшүнө жана сакталышына кошкон зор салым!

Урматтуу апалар, кутман энелер!

Баарыңыздарды майрамыңыздар менен дагы бир жолу чын дилимден куттуктайм!

Жараткандан балдарынын амандыгынан тарта дүйнөгө тынчтык суранган эне тилеги кабыл болсун!

Үйүбүздүн куту болгон энелер оорубасын, аман болушсун!"


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД