Кайгуул кызматынын кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерилди

Милициянын кайгуул кызматы кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскеришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн 15-май Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди Эскерүү болгондуктан, кайгуул кызматынан эртемененки нускамасы МККБнын полкунун орун басары Молдобаев Тилекмат Токтогулулович тарабынан өздүк курамга курман болгондорду эскерүү иретинде бир мүнөттүк унчукпай турууга буйрук берилип, андан соң жаш кызматкерлерге кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин кылган кызматын жана жасаган эрдиктерин эскерип өтүштү.

Андан сырткары Милициянын кайгуул кызматынын башчысы Исаков Алмазбек Карыпович кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин үйүнө барып, үй бүлөсүнөн кабар алып, башкармалыктын атынан чакан белегин жана акчалай жактан жардамын тапшырып жатып, "-Бүгүнкү күндө кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жаркын элеси түбөлүк унутулбайт! Алардын аткарган кызматы, коомдук коопсуздукка жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого кошкон чоң салымдары келечек жаш кызматкерлерге үлгү болуп, муундан-муунга айтылып келээрин белгилеп", кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындарына көнүл айтуу менен куран түшүрдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД