Көчөгө суу агызып жиберген "Бишкек жашыл чарба" ишканасына айып салынды

Милициянын кайгуул кызматы "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасына 23 000 сомго айып салды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы тарабынан көзөмөлдөнгөн агын суу тегиз асфальттын жаракасынан сыртка чоң көчөгө агып чыгып кетүүсүнө жол бергени себеп болгон.

Агып чыккан суу чоң көчөнү каптап, жолдогу унаалардын жүрүүсүнө да тоскоолдук жараткан. Бул боюнча айдоочуларда чара көрүү боюнча кайгуул кызматкерлерине кайрылуу жөнөтүшкөн.

Бул боюнча "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасына кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан Укук бузуулар кодексинин 180-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, тийиштүү протокол түзүлүп, 23 000 сом айып салынды. Ошондой эле иш канага мындай нерселерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД