Абактардагы башаламандыктар кантип басылат? Машыгуудан фоторепортаж

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы түзөтүү мекемесинин биринин жанындагы аймакта "Түзөтүү мекемелериндеги баш аламандыкка бөгөт коюу" деген темада тактикалык-атайын машыгууларды өткөрдү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Машыгуулардын максаты түзөтүү мекемесинде массалык баш аламандык болгон учурда Жаза аткаруу кызматынын бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн жана аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу болуп саналат.

Маалыматка караганда, машыгууларга "Омега" атайын отрядынын жоокерлери, бириккен отряддын кызматкерлери, кызматтык иттери бар кинологдор, дарыгерлер, түзөтүү мекемелерин коргоо жана соттолгондорду жана ЖАКнын абагында жаткан адамдарды коштоо департаментинин аскер кызматкерлери жана аскердик техникалары катышууда.

Катышуучулар массалык баш аламандыктарды жоюунун тактикасын жана ыкмаларын, ошондой эле алардын кесепеттерин жоюу жана мекемедеги кырдаалды нормалдаштыруу боюнча аракеттерди көрүшөт.

Мындай атайын тактикалык машыгуулар Жаза аткаруу кызматынын күчтөрүн жана каражаттарын мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын шарттарында иш-аракеттерге даярдоонун негизги жана эң натыйжалуу формасы болуп саналат жана ЖАК тарабынан пландуу негизде өткөрүлөт.

Айта кетсек учурдагы машыгуулар Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын алдыдагы "Өз ара аракеттенүү-2022" биргелешкен антитеррордук машыгуусуна даярдык көрүүнүн алкагында өткөрүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД