Элчи Украинада согушка катышып жаткан кыргыз жараны тууралуу маалымат берди

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Украинадагы согушка катышканы айтылган кыргызстандык жаран тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына билдирүү жазды. Анда ал Украинанын аймагындагы кыргызстандыктар тууралуу элчилик кабардар экенин, анын ичинде Кыргызстандын Улуттук коопсуздук бюонча мамлекеттик комитети иш козгогон адам тууралуу дагы толук маалымат болгонун белгилеген.

"Элчилик Украинанын аймагында жүргөн бардык Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу кабардар. Жогоруда көрсөтүлгөн К.у.А. аттуу жаран тууралуу дагы толук маалыматыбыз болгон.

Эвакуациялык иш-чаралар башталгандан тартып, Элчилик ага Кыргызстанга бекер кетүүсүнө жардам берүүгө даяр жана аскердик иш-аракеттерге катышпоо керек экендигин бир нече ирет айтып, эскерткен.

Бирок, ал Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан. Аталган жаран аймактык күзөт кызматында (территориальная оборона) санитарларга жардам берип жүргөндүгү жөнүндө билинген. Бул тууралуу Кыргызстандын тийиштүү органдарына ошол замат кабар берилген", - деп жазган элчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД