Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына (Россия Федерациясы) учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:
- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков;
- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат.