Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты автоунаалар үчүн бир жумага жабылды

Бүгүндөн тартып "Ала-Тоо" аянтынын автоунаа жүргөн бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу бир жумага жабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Милициянын кайгуул кызматы ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочуларды каттамын алдын ала пландап алууга чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД