"Манас" университети Times Higher Education Impact Ranking рейтингине кирди

Кыргыз-Түрк "Манас" университети дүйнөлүк университеттердин престиждүү Times Higher Education (THE) Impact Ranking 2022 рейтингине кирди. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Манас" университети аталган рейтингге кирген Кыргызстандагы биринчи жогорку окуу жайы болуп калды.

"THE Impact Ranking дүйнөлүк университеттердин БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдөгү ийгилигин өлчөйт. Уюштуруучулар тѳрт багытта комплекстүү жана тең салмактуу салыштыруу үчүн калибрленген көрсөткүчтөрдү колдонушат. Булар: изилдөө, аутрич - максаттуу топтун (социалдык жактан аярлуу катмарынын) социалдык кызматтарды камтуусу боюнча иштер; башкаруу (башкаруучулук) - ресурстарды жоопкерчиликтүү пландаштыруу жана башкаруу: айлана-чөйрөнү, жаратылышты, экономиканы, ден соолукту, мүлктү, маалымат", - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.

Рейтингде Кыргыз-Түрк "Манас" университети 106 ѳлкѳдѳн 1406 университеттин ичинен 1001+ тайпасына кирген.

"Рейтинг 2030-жылга чейинки мезгилге Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу процессине университеттердин таасирин баалоого арналган. Жалпы THE University Impact Rankings катышуу үчүн университет кеминде төрт SDG, анын ичинде SDG №17 - туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүккө жетишүүгө катышуусу керек. Пилоттук рейтинг 2019-жылы чыгарылган. 2020-жылы рейтинг биринчи жолу бардык 17 SDG үчүн жарыяланган.

Туруктуу жогорку билим берүү тармагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдогандын колдоосунун натыйжасында "Манас" университети рейтингдик тизмеге кире алды. Бул көрүнүктүү жетишкендик окуу жайыбыздын студенттеринин мотивациясына жакшы таасирин тийгизери талашсыз", - деп билдирет окуу жайдын маалымат кызматы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД