Кызыл-Кыяда милицияда иштеп жүрүп каза болгон кызматкерлер эскерилди

Кызыл-Кыяда милицияда иштеп жүрүп каза болгондор эскерилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин өздүк курамы бүгүн, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскеришти. Алардын эстеликтерине гүлчамбарлар коюлуп, маркумдарга аталып куран окутулду. Кызыл-Кыя ШИИБдин начальниги милициянын полковниги Нурлан Бурканов алардын ар биринин басып өткөн жолун, кыргыз милициясына кошкон салымын, кылмышкерлер менен аесуз күрөшүүдө башкаларга үлгү боло турган жактарын эскерип өттү. Ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө акчалай жардамдар берилди.

Кызыл-Кыя шаарында ички иштер органдарында иштеп жүрүп 5 кызматкер кызмат учурунда каза болгон. Алар: милициянын лейтенанты Тойчиев Баатырбек Пазылович 29жашында кылмышкердин бычагынан курман болгон, милициянын ага лейтенанты Илязов Джалалидин Илязович 43 жашында иш ордунда жүрөк оорусунан каза болгон, милициянын старшинасы Ысманов Кылычбек Илязович 31жашында кылмышкердин огунан курман болгон, милициянын сержанты Бердалиев Гуламжан Абдумуталипович 27жашында кылмышкердин огунан курман болгон, милициянын ага лейтенанты Тургунбаев Нургазы Сайдалиевич 25жашында жол кырсыгынан каза болгон.

Бул кызматкерлердин элесин өчүрбөй атын түбөлук сактоо үчүн алардын атына көчөлөр, эстелик бурчтары, эстеликтер коюлган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД