Таласта кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди

Таласта кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-майда Талас облустук ички иштер башкармалыгында кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналган эскерүү болуп өттү. Эскерүүгө маркумдардын жакындары, Талас ОИИБнын ардагерлери, башкармалыктын бөлүм жетекчилери, жаш кызматкерлер, облустун казысы катышты.

Сөз алып сүйлөгөн Талас ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги Марлис Асанов кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерип, жакындарына дагы бир жолу көңүл айтып, ден-соолук каалап, кылмышкерлердин колунан каза тапкан милициянын капитаны - Ниязалиев Мелис жана милициянын сержанты - Байсалов Саматтын ысымдары ИИМнин мемориалдык тактасына алтын тамгалар менен түбөлүккө жазылып калганын баса белгилеп өттү. Андан соң баардыгы орундарынан туруп, маркумдарды минуталык эскерүү менен аза күтүштү. Сөз алып сүйлөгөн Мелистин атасы - Ниязалиев Шаршен ага толкунданып, эскерүүнү уюштурган ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис жана өздүк курамга терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап: "Мындай каргашалуу окуялар эч убакта болбосун, ата-энелер чырактай балдарынан айрылбасын. Силер эртең менен үйдөн кандай жумушка кетсеңер кечинде күлүп жайнап үй бүлөңөргө кайтып келгиле, өмүрүңөр бычак мизинде, эл үчүн кылган кызматыңарда силерди жараткан колдосун" деп батасын берди.

Аттиң... Бакай - Ата РИИБнүн начальнигинин оперативдик иштер боюнча орун басары, милициянын капитаны - Ниязалиев Мелис кылмышкердин аткан огунан каза тапканда кызы - Мээрим бир жарым жашта эле. Ал орто мектепти аяктап жатат. Чоң эне, чоң атасы менен атасын эскерүүгө келип, ОИИБнын алдындагы маркумдардын ысымдары жазылган эстелик тактага гүл десте койду! Арман дүйнө!....

Талас ОИИБнын ардагерлер кеңешинин атынан сөз алып сүйлөгөн кеңештин мүчөсү - Алтынбек Шербахунов кан күйгөн согушта өлбөс-өчпөс эрдик көрсөтүшкөн Советтер Союзунун Баатырлары Чолпонбай Түлөбердиевдин жана Асанбек Оторбаевдин жаркын элестерине кыскача токтолуп, ал эми тынчтык мезгилде кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн учурда кылмышкерлердин колунан жана кырсыктардан мезгилсиз каза болгон милиция кызматкерлерин жоготуу кесиптештери үчүн өтө оор экендигине токтолуп, маркумдардын жакындарына көңүл айтып, эскерүү аземин уюштурган Марлис Асанов жетектеген өздүк курамга ыраазычылык билдирди. Андан соң облустун казысы - Сулумбек ажы маркумдардын арбагына куран түшүрүп, элибизди биримдикке, ынтымакка чакырып, облустук милициянын ишине ийгилик каалады. Көп жылдар бою Талас ОИИБнын кадрлар бөлүмүндө жетекчи болуп иштеген, 82 жаштагы ардагерибиз Майрамбек Сагынбаев Талас ОИИБнын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, алкыш айтып, жаш кызматкерлерге батасын каалоо тилектерин айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД