Кылмыш кылганы үчүн издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды

Чүй облусунун ИИБнын жана Кемин РИИБдин ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Кемин райондук соту тарабынан издөөгө алынган жаранды колго түшүрүштү.

2022-жылдын январь айында, Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө 1994-жылы туулган Р.У. аттуу жаранга издөө жарыялап, жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү боюнча материал келип түшкөн. Издөөдө алынган жаран 2019-жылдын май айында болгон жол кыймылынын жана автотранспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузуп, анын кесепетинен 4 адам каза болгондугуна байланыштуу, соттун чечими менен эркинен ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бул факт Кемин РИИБдин маалыматтарды каттоо журналынын катталган. 2022-жылдын 16-майында көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы ижарага алынган батирлердин биринен издөөдө жүргөн 1994-жылы туулган Р.У., кармалып, ички иштер органдарына жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД