Бишкекте 3 унаа кагышып, анын кесепетинен 11 адам жаракат алды

Бүгүн, 16-майда саат 16:20лар чамасында Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа кагылышкан, "DАF" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа, "Honda Fit" жана "Mercedes-Benz Sprinter" жүргүнчү ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, кырсыктан жабыркагандардын саны11ге жетти.

Окуя катталган жерге Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар "Honda Fit" үлгүсүндөгү унаанын ичинде кыпчылып калган аялды чыгарышкан жана жабыркаган жарандарга биринчи тез жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД