Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган айтыш жыйынтыкталды

Кечээ, 16-майда, Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата өткөн эл аралык айтышта төкмө акын Акматбек Султан уулу баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, байгени маданият министри Азамат Жаманкулов тапшырды.

Министр сыйлык тапшыруу алдында учурда төкмөлүк өнөрдү өркүндөтүүгө мамлекет тарабынан колдоо үзгүлтүксүз улана турганын айтып, мындай айтыштар башка аймактарда да өткөрүлө тургандыгын белгилеп өттү.

Эске салсак, аталган иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Улуттук "Манас" театры жана Республикалык "Айтыш" коому тарабынан биргеликте уюштурулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД