Таласта милиция дааватка чыгып жүргөн адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Талас ОИИБнын экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Талас облусунун аймагында үч күндүк, 40 күндүк жана төрт айлык дааватка чыгып жүргөн адамдар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анда, алардын кийген кийимдери, жүрүм-туруму, алардын көчө кыдырып, эшиктерди катуу такылдатып, жарандардын тынчын алган учурлар болуп жаткандыгы эске алынды.

Эгемендик алган соң Кыргызстан дүйнө жүзүнө эшигин ачып, дүйнөлүк прогресс менен бирге кадам шилтегиси келип, "Кыргызстан биздин жалпы үйүбүз"-деген мамлекеттик идеологияны кеңири жайылта баштаган. Бирок, мамлекетти алдыга сүрөгөн прогрессивдүү көз караштар, технологиялык жетишкендиктер менен кошо мамлекет кыргыздын кулк-мүнөзүнө, ата-бабалар карманган салттуу динге каршы келген агымдар да жок эмес.

Талас облустук жана шаар-райондук ички иштер кызматкерлери, экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы, кылмыш иликтөө бөлүмү жана милициянын участкалык уполномоченныйлары тарабынан экстремизмдин жана коомдук коопсуздуктун алдын алуу үчүн дааватчылар арасында дайыма профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп турат.

Акыркы изилдөөлөр көргөзгөндөй, өлкөдө калктын дээрлик пайызы өзүн мусулман деп эсептейт. Ислам дининин Кыргызстанда бир топ агымдары бар. Аны ар бир уюм же жамаат өздөрүнүн аң сезимине жараша жайылтуу иштерин алып барат. Динди жайылтуу, адамдарды динге баш ийүүгө үндөө, анын кыймыл иш-аракети даават деген түшүнүк менен ассоциацияланат. Ал эми дааватчылар деген ат менен даават айтып динге чакыруу жасаган адамдардын тобу түзөт. Милиция кызматкерлери тарабынан жарандарды ыйманга чакырууда этиканы кармануу, үй ээлеринин макулдугу менен гана даават айтуу керектиги айтылды жана коомчулукта жарандар тарабынан негативдүү ой-пикир калтырбаш үчүн маданиятты сактап жүрүү керектиги эскертилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД