Бишкекте электр транспортунун фестивалы жана жүрүшү өтөт

Бишкектеги Ынтымак-2 сейил багында 22-майда саат 16:00дөн 21:00гө чейин электр транспортунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын жана ЖКККББнын колдоосу менен Electromobile.kg жана EcoBike компаниялары тарабынан уюштурулууда.

Фестиваль "Жашыл экономика 2019-2023" өнүктүрүү жана экологиялык таза транспорт түрлөрүн жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Токтоналиев, Абдрахманов, Токтогул көчөлөрү жана Манас проспектиси боюнча автожүрүш уюштурулат. Жалпысынан 60ка жакын электр унаасы жана 100дөн ашык эко велосипеддин катышуусу күтүлүүдө.

Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бул жөө жүрүштү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери коштойт.

"Фестивалда шоу-программа коштолуп, ага Баястан, Айым Айылчиева, эко-активист, популярдуу "Ким билет? хит ырынын аткаруучусу Жанат Турушбеков (Jax) жана Rolling Papers музыкалык тобу катышат. Ошондой эле өнөктөш компаниялар өз кызматтары жөнүндө айтып беришет жана өз продукцияларын сунушташат, дегустацияларды өткөрүшөт. Анан албетте, уюштуруучулар өздөрү жана электр транспортун саткан компаниялар бардыгы үчүн тест-драйвтарды өткөрүшөт", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Бул фестивалдын аркасында коомдогу электр унааларына байланыштуу стереотиптер менен күрөшүүгө болот:

-эгер шаарда кубатточу жок болсо, электромобилдерди үйдөгү розеткадан кубаттоого болот. Шаарда электр унааларын 2-3 саатта 0%дан 100%ке чейин кубаттай турган 2 тез кубаттоочу станция бар: Раззаков көчөсү 32 дарегинде жана TommiMall соода борборунун унаа токтотуучу жайында.

- бир зарядда аз чакырымда жүрөт; заманбап электромобилдер бир заряд менен 300дөн 1000 чакырымга чейин жүрүшөт.

- ресурстарды үнөмдөө; 100 чакырымды электромобил менен жүрүү 10-50 сомду түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД