Бишкек мэри: Жылуулук тармагындагы оңдоо иштеринин мөөнөтүн кыскартуу керек

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында муниципалитеттин коллегиясы болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында үч маселе - 2021-22-жылдын күз-кыш мезгилинин жыйынтыгы жана келерки мезгилге даярдык, коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча чаралар жана жол коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарынын алдын алуу чаралары каралды.

Муниципалдык чарба департаментинин директору жылуулук берүү мезгили кадимкидей өтүп жатканын, жылуулук менен камсыздоочу жайларга керектүү көлөмдө отун берилгенин билдирди.

Алдыдагы жылытуу мезгилине карата отун-энергетика комплексинин кызматтары келерки суук мезгилге даярдыктарды штаттык режимде жүргүзөт. Бул максатта жылуулук мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штаб түзүлүп, көзөмөл жүргүзүлөт.

Экинчи маселе боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы укук коргоо органдары тарабынан коомдук-саясий абалдын туруктуулугун камсыздоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, учурдагы кырдаалга талдоо жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Ал эми үчүнчү маселеде Бишкек шаары боюнча МККБнын башчысы баяндама жасады. Анын айтымында, 2022-жылы 31 жол чырак, анын ичинен 28 транспорт жана 3 жол чырак жөө жүргүнчүлөр үчүн орнотуу пландалууда. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы аркылуу 2546 жол белгиси орнотулду.

Мэр шаардык кызматтардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды койду. Атап айтканда, автотранспорттун жүрүшүнө тоскоолдук кылган жылуулук тармактарын оңдоо убактысын кыскартуу жөнүндө маселени иштеп чыгуу.

Шаардыктар арасында нааразычылыкты болтурбоо максатында көйгөйлүү маселелерди тез арада чечүү боюнча чараларды көрүү тиешелүү жетекчилерге тапшырылды. Санариптик технологиялар борбору санариптештирүү боюнча кырдаалдык борборду түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышы керек.

Эмилбек Абдыкадыров борбор калаанын райондорунун акимдерине катуу отун менен камсыз кылуу жагынан калктын аярлуу катмарын колдоо иштерин алдын ала баштоосу зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында коллегия мүчөлөрү райондордун акимдерине жана шаардык кызматтардын жетекчилерине келерки жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышын камсыз кылуу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле район жетекчилерине калктын кышка даярдыгын, отун-энергетика комплексинин кызматтарын кышка карата көзөмөлдү күчөтүү, 1-октябрга чейин билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерин күз-кыш мезгилине даярдоо тапшырмасы берилди.

Район жетекчилерине коомдук-саясий кырдаалга мониторинг жүргүзүү боюнча аймактык штабдарды түзүү, калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Бишкек ШИИБне шаардын борбордук көчөлөрүн бойлото жол чыракты башкаруунун автоматташтырылган системасын ишке киргизүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн техникалык тапшырмаларды даярдоо тапшырмасы берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД