Чаткалда мектептин шыбы урап түштү

Жалал-Абаддын Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы урап түштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык катталган жерге үч куткаруучу тартылып, 18 окуучу менен бир мугалим коопсуз жайга чыгарылып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлдү.

Терек-Суу айылында нөшөрлөгөн жаандан улам класстын шыбынан суу тамчылай баштаган. Класстын мугалими окуучуларды коопсуз жайга чыгарганга жетишкен. Окуядан эч ким жабыркаган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД