Жасалма кылмыш иштерин козгошкон. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен кылмыш иштеринин далилдерин жана процесстик документтерди бурмалоо боюнча көптөгөн фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокурутарынан басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБсынын кызмат адамдары жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен алардын атынан "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасына жалган маалыматтарды киргизишип, кылмыш жөнүндө жасалма билдирүүлөрдү жасашкан жана алар боюнча жасалма кылмыш иштерин козгошкон. Бул аракет аркылуу алар кылмыштардын бетин ачуунун көрсөткүчтөрүн жасалма түрдө жогорулатууну максат кылышкан.

Андан соң, бул кылмыш иштери боюнча тергөө аракеттеринин документтери (сурак протоколдору, жабырлануучу деп таануу жөнүндө чечим) түзүлүп, кийинчерээк жабырлануучулардын жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалмаланган жалган арыздарынын негизинде токтотулган.

Мындан сырткары, милиция кызматкерлери уурулук беренеси менен айыпталгандарды көндүрүп, мурда бети ачылбаган кылмыш иштерди алардын мойнуна "илип", андан соң жабырлануучулардын айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалма билдирүүлөрү боюнча ал иштерди токтотушкан. Ошону менен милиция кызматкерлери кылмыштардын бетин ачуу статистикасын көбөйтүшкөн.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 361-беренеси ("Далилдерди бурмалоо") жана 337-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын кызмат адамдарына карата 25 кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө аракеттери Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД