Орусиянын элчилигинин кызматтык унаасы жөө жүргүнчүнү сүзүп алды

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматтык унаасы жөө жүргүнчүнү сүзүп алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн 17-май, болжол менен саат 15:10 чамасында элчиликтин автоунаасы Жибек-Жолу көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатып, Жаш Гвардия бульвары менен кесилишкен жеринен жолго чыга калган жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

Жөө жүргүнчү мас абалында экендиги айтылууда. Азыркы учурда жөө жүргүнчүнү спирт ичимдигин текшерүү үчүн наркология бөлүмүнө алып кетишти. Ал эми жол кырсыгы катталган жерде кайгуул кызматы иш алып барууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД