Ала-Букада алтын кен казып уурдагандар кармалды

Мыйзамсыз алтын кен казып уурдап жатышкан жарандар милициянын кылтагына илинди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 15-майдан 16-майга караган түнү саат 00:01 чамасында Ала-Бука районунун аймагындагы ЖЧК "Фулл Голд Майнинг" алтын кен казуучу фирмасынын №6 штольныйдын ичинен, Чаткал районунун 6 (алты) тургуну аталган штольныйдын ичинен алтын аралашмасы бар руда казып жатышкандыгы тууралуу маалымат түшүп, алар Жалал-Абад шаардык Күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан кен казып жаткан жеринен алардын жанынан бир даана рюкзакка салынган салмагы 5-6 кг болгон көк түстөгү майда таш заттары жана бир даана перфоратору бар экендиги такталган.

Белгилей кетүүчү жагдай түн жарымында кен казып жаткан жарандарды кармоо учурунда бирөөсү кармалып, калганы айыл аралап качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бул факты боюнча топтолгон материал Ала-Бука РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, Жалал-Абад шаардык Күзөт Бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бир даана рюкзакка салынган салмагы 5-6 кг болгон көк түстөгү майда таш заттар жана бир даана перфоратору тергөөгө акт менен өткөрүп берилген. Ошондой эле, уурулукка шектүү делген жарандар Чаткал районунун тургундары экендиктери жана жашаган даректери такталып, тергөөгө камсыздоо үчүн ыкчам-иликтөө, издөө иштери башталган.

Ала-Бука РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында качып жүргөн - Т.Э., Б. у А. жана И.М., И.Н., 1990-ж.т. К.И жана Д. у Б. кармалып аттуу жарандар кармалып, шектүү катарында 2022-жылдын 17-май күнү Ала-Бука РИИБдин убактылуу кармоочу жайына негизинде киргизилген.

Ошондой эле 17-май күнү кылмышка шектүүлө Ала-Бука РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД