Таласта милициянын ардагерлери сыйланышты

Талас ОИИБде ардагерлер сыйланды. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн 17-май күнү Талас ОИИБнин начальниги Асанов Марлис облустук ардагелердин бир катарына Кыргыз Республикасынн ИИМнин буйругу менен даярдалган сыйлыктарды тапшырды.

Бул сыйлыктар Кыргыз Республикасынын өсүп өнүгүшүнө, коомдук коопсуздукту сактоодо, мыйзамдуулуктун сакталышына, өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо кошкон зор салымдары үчүн жана юбилейлик мааракелерине карата берилди.

ИИМдин "Кыргыз милициясына 95 жыл" юбилейлик медалы менен Жанчаров Даутбек жана орозалиев Кубат Атакелдиевич. ИИМдин Ардак грамотасы менен Дербишалиев Жарашбек Боконович жана Молдобеков Аалы Абдыкадыровичтер сыйланышты.

Талас ОИИБнин начальниги Асанов Марлис ардагелердин милицияда орду чоң экендигин жана биз алардын акыл насааттарына дайыма муктаж экенибизди билдирди. Сыйлык ээлери облустук милициянын бүгүнкү күндө элдин коопсуздугу үчүн аткарып жаткан эмгектерин баса белгилешти. Милициянын эл арасында аброю бир топ жогорулап, сапаттуу кызмат кылып жаткандыгын айтып, жалпы облустук милициянын өздүк курамына алкыш айтып, ыраазычылык билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД