
Оор жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдап жүргөн деп шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Уч-Коргон айылында үйүнүн алдына токтотуп койгон оор жүк ташуучу КАМАЗ, Фура үлгүсүндөгү автоунааларынын 2даанадан аккумляторун белисиз адамдар тарабынан түн ичинде уурдалып кеткендигин билдирип, 4 арыз келип түшөт. Арзыдануучуларга жалпысынан 100 миңге жакын материалдык зыян келтирилген.
Бул арыздар Кадамжай РИИБдин КБРне 2022-жылдын 13, 14-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, ыкчам иликтөө иштери жүрө баштайт.
Уч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 16-май күнү Уч-Коргон айыл аймагында изин жашырып жүргөн Уч-Коргон айылынын мурда соттолгон 37 жаштагы С.Р. аттуу тургуну менен Жалалабад облусунун Аксы районунун 27 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. ал эми алардын айдап жүргөн унаасы атайын токтотулуучу жайга киргизилди.
Ал эми уурдалган аккумляторлор өз ээсине кайтарылды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.